Дарыгер: "Өлкө аймагында кургак учук дарты менен ооругандардын саны азайды"

Өлкө аймагында кургак учук дарты менен ооругандардын саны азайды. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда өткөрүлгөн маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин Фтизиатрия борборунун башчысы Абдуллаат Кадыров билдирди.

"Өлкө аймагында кургак учук дартына кабылгандардын саны азайды. Буга чейин 2001-жылдарда ооруга кабылгандар көбөйүп кеткен болчу. 2016-жылы дартка кабылгандардын саны 5680 адамга жетти. Бул дартты эмдөөдө ата-энелер эч кандай чочулабаш керек. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматына караганда, дүйнө жүзүндө 1 жылда 10 миллиондон ашуун адам кургак учук менен ооруп, анын 2 миллиону каза болот", - деп билдирди Кадыров.

Кургак учук дартына кабылгандардын 80 пайызы өпкөдөн жабыркаса, 20 пайызы дененин башка органдарынан жабыркайт. Көрсөткүчтөр 2001-жылга салыштырмалуу 2016-жылы кургак учуктан каза болгондордун саны 5 эсеге азайган.

"Дүйнө жүзүндө 181 өлкө дартты алдын алуу үчүн эмдөө кылышат. Анын ичинде Арабия, Пакистан, Иран сыяктуу ислам өлкөлөрү бар. Ислам дини өмүргө кооптуу жагдай жаралган учурда тыюу салынган нерселерди колдонууга уруксат берет. Маселен, адам ачкалыктан өлүм алдында жатса чочконун этин жегенге, чаңкоодон өлүм алдында турса вино сыяктуу спирт ичимдигин ичүүгө мүмкүндүк берет. Эң негизгиси ислам дини медицинадагы өнүгүүнү туура кабыл алат. Ошондуктан эмдөөнү алса болот", - деп билдирди теолог Кадыр Маликов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан