Активисттер президенттин үгүт иштерине аралашканына Башкы прокуратура көз жумуп жатканын айтты

Бүгүн, 6-октябрда "Таза шайлоо үчүн" кыймылы жыйынтыктоочу маалымат жыйынын уюштуруп, шайлоо алдындагы үгүт иштеринде жаралган маселелер боюнча маалымат берди. Анда кыймыл мүчөлөрү өлкө башчысы үгүт иштерине катышып жатканын айтышты.

Азыр президенттин шайлоого үгүт кампаниясына киришип жатканын айтса, Борбордук шайлоо комиссиясы анын кол тийбестиги бар, өлкө башчысы каалаганын сүйлөөгө укуктуу деп жатат. Бул туура эмес. Президенттин институту мамлекеттик кызмат. Анда өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызматкерлер иштейт. Эгер мамлекет башчысы өзү шайлоо иштерине киришип жатса, БШК да, прокуратура органы да көңүл бурушу керек болчу”, - деди юрист Канатбек Азиз.

Ал эми Эмилбек Каптагаев БШК бул багытта туура эмес жолду тандаганын айтты.

"Шайлоонун жүрүшүндө БШК башкы орган. Мамлекет башчысы же өкмөт башчысы болобу, ар бир жаран шайлоо мыйзамын бузса, жоопкерчилигин аныктап түздөн түз эскертүү бере турган орган. Мындай кат жазып өздөрүн жаман көрсөтүп, президентти жаман көрсөтүп элге дагы жаман өрнөк көрсөткөндүн ордуна президенттин билдирүүлөрү боюнча мыйзам бузууларды аныктап, эскертүү бергени туура болмок. Мындай учурда бийликтин талапкерине да, өздөрүнө да пайда болмок", - деди Каптагаев.

Эске сала кетсек, жарандык активист Адил Турдукулов өлкө башчысынын 31-августтагы билдирүүсү, андан кийинки бир канча интервьюларында үгүт иштерине байланыштуу сөздөр болгонун айтып, БШКга кайрылган. БШК өлкө башчысынын кол тийбестиги бар экенин негиз кылып, мыйзамдуу чара көрүүдөн баш тартканын активистке кат аркылуу билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
revolyutsiya1
2017-10-06 16:22:27
Президент озу мыйзамды бузуп жаткан сон, калганына кеп жок!!! Кан менен келген бийлик кан менен кетет окшойт...

Атамбаев оз ыктыяры менен бийликти тапшырат, жакшылыктан умут узбой кое туралы деп озубузду озубуз алдап келген экенбиз!!! Атамбаев бийликти сактап калуу учун жандалбастап жатат.. Жээнбековдун президент болгону- Атамбаевдин сасык зоокур саясаты уланат дегени... Ал жараян мына журуп жатат. Олкодо адилеттуулук жок. Бийлик зулумдукка таянууда!!!
+3
daniel87
2017-10-06 21:03:11
revolyutsiya1,туура 100%кошулам бизге озгоруу керек болду жетишет баардык жактан артта калдык!!!карапайым жонокой адамдардын жашоосу онолушу керек
0
nurbekasr
2017-10-06 16:56:51
Ошондуктан элим Мадумаровду же Бабановду шайлап алалы.
+1
Merch
2017-10-06 17:29:38
nurbekasr, Мадумаров десең Бабановду кошпой эле гой. Эгер ортодо турган болсоң Мадумаровду танда жаңылбайсың!!! Каалаган жагынан салыштырып көр!!!
0
jergetal
2017-10-06 17:52:03
Мадумаров чыныгы эркек !
0
Azamat772
2017-10-06 19:51:01
жеенбековту каралоо
-2
daniel87
2017-10-06 21:01:57
Туугандар Жээнбековду шайлабагыла Атамбаевдин жолун улайт!Атамбаевдин козго басар ишин далилдеп бергилечи?кайсы тармакта реформа болду?Мадумаров же Бабановко добуш берели
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан