Башкы прокуратура: “Жээнбековдун чогулушуна окуучулар мыйзамсыз ташылып келген деген күнөө далилсиз”

Башкы прокуратура "Кемин районунда президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун чогулушуна мектеп окуучулары мыйзамсыз ташылып келген" деп НТС каналы чыгарган видеосюжеттин негизинде иликтөө жүргүздү. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы З.Алиев, Чым-Коргон атындагы мектептин директору А.Масылов жана мугалимдер окуучуларды президенттикке талапкердин чогулушуна катышуусу боюнча кыйноо болбогонун айтышты. "Ошондой эле НТС каналына баласы үгүт чогулушка катыштырылып, сабакты калтырганын айткан Б.Чоргоев түшүндүрмө бергенден баш тартты. Ал аталган телеканалдын өкүлдөрүнүн катышуусунда гана түшүндүрмө бере турганын айтты. Текшерүүгө алганда Чоргоевдин баласы ошол күнү мектепте сабакка толугу менен катышканы белгилүү болду”, - деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Башкы прокуратура бул күнөө боюнча далил таппаганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
birimdik.
2017-10-06 16:10:23
Кандайде далилсиз Жеенбековдон мынчале коркосунар прокуратура тоба.
Эгер башка талакер ошондой кыйно мн жолугушуга алып барганда секундта далилдеп коймоксунар кичине тендик болсунда олкодо.
+9
revolyutsiya1
2017-10-06 16:13:53
Акаев, Бакиев убагында да мынчалык калп айтылбайт болуучу!!! Соз жок!!! Карга капкара болуп коз алдында турса, карганын тусу ак деп ишендиргиси келет!!!

Атамбаев баш болгон СДПКчылардын, анын ичинде Жээнбековдун да доосу заматта канааттандырылат!!! Тигине Жапаров менен Текебаевдин куноосу далилденбей эле камакта отурушат. Мырзакматовдун куноосу далилденбесе да сырттан окум чыгарып коюшту! Же калппы?!!
+8
aiba-889290
2017-10-06 16:17:21
ХХХХ менен бетинер бирдей эле болуп калыптырго!
+7
revolyutsiya1
2017-10-06 16:18:20
Ал эми Жээнбековдун угут ишине административдик ресурс 100 эмес 200% иштеп жатканын факт менен далилдеп козуно сайып корсотсок да чара корушпойт... Далил жетишсиз имиш!!! Зилалиев да, Чубак ажы, кыскасы депутат, министрлер баары угутто журсо да факт жетишпейт имиш!!! Биометрикалык каттоо пункту Жээнбековдун штабында жайгашып калганы да кокустук имиш, ал Жээнбековдун расмий штабы эмес имиш...

Калптын казаны кайнабайт дейт. Жээнбеков жакшы адам болсо, ушул нерселер орун алмак беле?!!
+8
arawan
2017-10-06 16:19:01
баракелде пракратура соз жок жээнбековду неге мынча актайсынар бул доор да отот сдпкнын
+7
Nazar76
2017-10-06 16:30:06
Сдпк мыйзамсыз иштерди жасайт бирок жооп бербейт себебин билесиңер аша баарын рулить этип турат 15 октябрда сдпк Жеенбеков өтүп кетсе таң калыштын кажети жок Бүт жерде Сдпкнын адамдары даже Бшка шайылдабекова да ашанын ырын ырдайт
+5
nurbekasr
2017-10-06 16:54:44
Өзгөндө окуучулар стадионго Жээнбеков келет деп,парта ташып желек көтөргөнүнө эмне дейсиңер.Алар мыйзам чегинде келишкенби.Эмитеден эле Сокене жагына баштапсыңар ХХХХ,бул кетиште жашоо ХХХХ оңолбойт.
+8
Almaz75
2017-10-06 17:10:58
Жээнбековго карата жазган арыздарды,прокуратура,бшк,уккм эч качан канаатандырбайт,бул көрүнүп турган эле иш.
+5
sanzhar83
2017-10-06 17:29:02
Биздин районго башка талапкерлер барса админстрациядан мамлекеттик кызматта иштегендерди алардын чогулушуна катышуусуна тыюуу салып жатыптыр,Бул Жээнбековдун приказы да.
+6
sanzhar83
2017-10-06 17:30:00
Мына ушундай кылып атса эмитен эле,кийинки жашоо кандай болот президент болуп калса.
+6
nur...nur.
2017-10-06 17:30:13
Прокурор соттордун, кулагы дулой,козу кор болдуго,ушунчалык адилетуулук жок
+6
IL Suren
2017-10-06 17:35:26
Атамбаев турганда албетте далилсиз болот . Жээнбеков Кызылкыя шаарына келгенде, менин иним окуган жердеги студенттердин баарын окуудан бошотуп,стадионго жөнөтүптүр.Далилдер толтура.
+5
sabyrer82
2017-10-06 19:21:47
Бет деле калбай калыптыр сот менен прократурада,биринердин козунорду биринер чукубайсынар да
+4
Snejana
2017-10-07 02:38:13
Соттор Атамбаев менен Жээнбековду актап, аларга тийишкендерди миллионго жыгып..., заман ушул СДПКлардыкы болду го. Элдин кыжырына тийип атышат. Аягы кандай болоор экен, бул кетиште копко жашабайт го. Баягы Мусабекова беле?, ошол катын соттолду беле?, же ал дагы СДПК беле?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан