Кургак учук дартынан 100 пайыз сакайып кетүүгө болот. Мындай маалыматты бүгүн, 6-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Фтизиатрия борборунун башчысы Абдуллаат Кадыров билдирди.
"Кургак учук оорусу сакаят. Эгерде бул дарттын сезгич формасын алып жүргөндөр 6-8 ай дарыланып, өз убагында көрсөтүлгөн эреже менен ичсе 100 пайызга сакаюуга болот. Ал эми кургак учуктун дарыларга туруктуу формасын дарылоо 20-24 айга чейин созулат. Дарыланып бүткөн бейтап кадимки адамдардай жүрө берет. Ошол эле учурда айтып коюшубуз керек бул дарт менен иммунитети төмөн адамдар ооруйт", - деп билдирди Кадыров.
Абдуллаат Кадыровдун айтымында, учурда жер-жерлерде кургак учукту алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Фтизиатрия борборунда кургак учукту алдын алуу боюнча атайын программа кабыл алынган.
"Бул дартка кабылган адамдар тартынып айтпай жүргөн учурлар болууда. Ошол эле учурда ата-энелер балдарын оору өтүшүп кеткенде алып келишет. Ооруну жашырып, тартынып айтпай жүрүү дарылоого кыйынчылык жаратат. Акыркы убактарда бул дарт башка органдарга да тарап жатат. Негизи бул оорунун 80 пайызы өпкөдө болот. Азыркы убакта мээде, сөөктөрдө, ичеги-карында да пайда болууда", - деп билдирди Фтизиатрия борборунун дарыгери Айсалкын Тешебаева.
Эске салсак, буга чейин аталган дарттын азайганы айтылган.