SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "ВВ крем" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Азияда кеңири таралган "хит" кремдердин бири ВВ крем. Биринчи жолу Германияда чыгарылган. ВВ крем - бул беттеги ашыкча бырыш, чекит, тактарды жашырып туруучу тоналдык крем. Анын жардамы менен бетти идеалдуу түскө келтирсе болот. Күндө колдонсо да болот".
"Тоналдык крем, бирок тоналдык кремдей бетти бузбай, тескерисинче, дарылайт, кам көрөт. Жөнөкөй суу, самынга кетпейт, атайын өзүнүн кетиргич каражат майы бар. Тоналдык кремдин артыкчылыгы - дээрлик бардык түс териге түспөлдөшүп, "отура" берет. Сүйкөгөн, сүйкөлбөгөнү билинбейт, бирок теринин "майда-чүйдөсүн" жакшы жашырат".
"Mizon ВВ кремин колдондум, аябай жакты, жайында күндүн ультранурларынан да сактайт. Үнөмдүү да экен, бир тюбик 1,5 жыл болсо да түгөнө элек".
"BB жана бетке кам көрүү жагынан Корея алдынкы орунда турат. Биз дагы азиаттарга киргендиктен Кореяныкы, европалыктарга Garnier көбүрөөк туура келет. Кореяныкынан Missha'да 2 тон бар, башкаларда көбүнчө 1 эле тон, бетиңизге сүйкөлгөн соң бет териңиздин өңүнө өзү ылайыкташып өтүп кетет. Беттеги тактардын азыраак көрүнүшү үчүн консилер колдонуу туура. Аны азырынча ала албасаңыз ВВ кремди үстү-үстүнө акырын сыйпоо менен өзүңүз каалагандай калыпка келтирип, сүйкөп алсаңыз болот".
"CC крем көбүнчө ак түстө, жеңил текстурада болот. Аны көздүн астына консилер катары да колдонсоңуз болот. Макияж жасоодо CC кремди алгач коюу керек, ал бетти тегиздейт, андан соң эгер кааласаңыз анын үстүнөн BB крем коюп койсоңуз болот. BB кремдин жакшысын алсаңыз беттеги кемчиликтерди башка тоналдык кремге салыштырмалуу тегиз жашырып турат".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.