Ырчы Элиза Орозованын "Сүйөм дечи" аттуу ырынын клиби жарык көрдү. Ырдын сөзү Ильгиз Абдалиевге, обону ырчынын өзүнө таандык. Ырда ашыктык темасы камтылып, кыз жактырган жигитинин сүйүүсүн күтүп кыйналганы чагылдырылат. “Клип тартуу учурунда ушунчалык суук болуп, элдин баары калың күрмөлөрдү кийип жүрүшсө, мен жука көйнөк кийип ырдап, аябай үшүп калдым. Клип тартуудагы эсте кала турган учур ушул болду”,- дейт ырчы.