Бишкекте чоң энелер даярдаган буюмдардын жарманкеси өтөт

Эртең, 8-октябрда Бишкек шаарында чоң энелердин кол эмгегинен жаралган буюмдардын жарманкеси өтөт. Уюштуруучулардын билдирүүсүнө караганда, мындай иш-чара улгайган адамдар жалгыз пенсияга көз каранды болбой, кол эмгегинен жаралган буюмдар аркылуу каражат табуусуна шарт түзүү максатында өтөт.

Жарманкеде чоң энелер токуган мээлей, байпак, баш кийим жана башка күнүмдүк турмуш тиричиликке керектүү буюмдар коюлат. Муну менен катар эле жарманкеге барган тургундар улгайган энелердин колунан даярдалган азыктарды да ала алышат.

Уюштуруучулар жарманкеге келип, чоң энелердин кылдаттык менен даярдаган товарларын сатып алып, алардын аз да болсо акча табуусуна көмөктөш болууга чакырат.

Жарманке Бишкек шаарындагы "Чынар" универсалдык дүкөнүндө өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан