Нарында 2600 гектарда жайгашкан алтын кенин казуучу жер 26 миң 160 долларга баштапкы баа менен аукционго коюлду

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Нарын облусундагы эки алтын кенине аукцион жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата аянты 26 миң 160 доллар баштапкы баа менен аукционго коюлган. Кен жайгашкан аянттын 60 пайызга чейинки басымдуу бөлүгү ири көлөмдөгү мөңгүлөрдүн алдында жайгашкан. Кен казуучу жайда алтын жана баалуу таштын курамы бар. Алтын кен жайгашкан аянт 2600 гектарды түзүп, Нарын облусунун Кочкор районунун аймагынан Чүй облусунун Панфилов районуна чейин келет.

Ал эми аукционго коюлган Пытан-Донгурмин аянты Нарын облусунун Кочкор районунда 6500 гектар аянтты ээлейт. Анын баштапкы баасы 65 миң 500 доллар. Алтындын катмары бул аянтта жарым метр тереңдиктен башталып, 10 метр тереңдикке чейин жетет.

Аукцион ушул жылдын 23-ноябрында Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
grace
2017-10-07 13:02:09
Бул алтын кендери аларды кытыктап жатабы? Эмнеге кийин өзүбүз казып алчу деңгээлге жеткиче коюп койсо болбойт? Сөзсүз кытай, казак,чечен, еврей ж.б. жаттар жеп түгөтүп кетиш керекпи? Ата-бабаларыбыз канын төгүп жерди бизге калтырды, бул жер элдики! Бир ууч тойбогон жемкорлор эмнеге ээ болуу керек? Алар кыргызга эч качан күйбөйт. Акаев, Бакиевдей качып жоголот! Качан токтойт бул акмакчылык?
+7
Patriot7
2017-10-07 13:10:12
Атангору, бийлик элдин байлынын оз байлыгы эсептеп калды го!!! Атамбаевге атасы Шаршен мурас калтыргансып чекеден сатып жатат го?!! Кыргызстанда канча алтын-кумуш кени болсо, баары сатылып жатат бири калбай, ошончо кен сатылып олкого пайдасы жок, элдин жарымы тышта тентип журот... Ушунча алтын-кумуш менен Кыргызстанды гулдотуп жиберууго болоор эле, ондоп-жуздоп ири завод-фабрика куруп, заманбап ооруканалар салынып... Ошолордун бири жок. Чекеден тоноп жатат бийлик...
+5
Patriot7
2017-10-07 13:12:04
Озу ар бир алтын-кумуш кенин сатаарда референдум откоруп, ошол байлыктын чыгыгы ээси, ЭЛдин макулдугу болмоюн сатууга тыю салган мыйзам кабыл алып, Эл озу чечиш керек оз байлыгынын тагдырын, бийликтеги бир ууч жепжутар эмес.....
+6
Firdaus-Muslim
2017-10-07 13:12:17
Ошон үчүн Кыргзстандын кен байлыктарын сатпай турган президентти тандайлы. Ойлон Кыргыз элим, эртең кеч болуп калат.
+6
Kuba-savai87
2017-10-07 13:12:33
26минге бишкектен 10сотых жер аласын го там салганы огородтуна картошка оспойт кара топурака айландырып анан жемишин коросун а булар алтыны бар жерди арзыбаган суммага баалоодо. Андан коро сатпай эле койгула.Кичине кудайдан корккулачы.
+7
Kroxa
2017-10-07 13:12:38
26 мин доллар баштапкы баасы имиш..саттырбаш керек..эл кайда..
+7
grace
2017-10-07 13:13:07
Айланайын кыргыз элим, 4сотых жерге жете албай тентип жүрөбүз, дүйнөнүн ар кайсы жеринде өлгөнүбүз өлүп өлбөгөнүбүз кулдай жат элде иштеп! Бул арсыз бийлик 2600 гектар жерди 26 миң $сатуу деген эмне шумдук! Жер элдики, эмнеге кудайдан коркпогон уятсыздарга таратып коюп олтурабыз. Жердин баарын ууланган урандын калдыктарына толтуруп, мөңгүлөрдү талкалап качып кетет акмактар! Күйүп кетип жатам, жакшылык көрбөгүрлөр эки дүйнөдө!
+6
Atas
2017-10-07 13:23:01
Karshybyz satylyshyna XXXX
+4
Altysh_Boldush
2017-10-07 15:42:42
Дагы бир баш алам болотко дейм. Кыргызстанга Мадумаров Адахан келиш керек озу. Тартип орнотот эле
+5
baatyrbek083
2017-10-07 16:12:04
Кеткиче баарын сатып бутто турган болду бул бийлик.
+4
SHERBOLAT
2017-10-07 19:01:09
Бул бийлик чекеден эле арзан баада сата башташтыго
+1
jbolotov
2017-10-07 19:30:16
Супер Инфо жамааты. Ушул маалыматты гезиттин башкы бетине жайгаштырып элге маалым кылып, элдин кыжыры келип атканын коомчулука жакшылап жайсанар Кыргызстан келечеги учун жакшы иш кылмак эленерда омурунордо бир жолу .
+5
Patriot7
2017-10-07 20:29:59
jbolotov,++++++++++
+2
admin_superstan
2017-10-09 15:39:42
jbolotov, саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
0
PROS
2017-10-07 20:05:53
Кыргызгазды 1$, 2600 га жерди алтыны (ж.б. баалуу таштар, мөңгү) кошуп 26000 $ саткан акмактар, кыргызстанды 6млн калкы менен 60000 $ сатып жиберет го бул кетиште! (((
+2
toktor89
2017-10-07 22:32:27
Сат сат сат сат сат жана сата ббер ббары тугонсо колтугундун жунун сааатт ээ дейт беле?
+1
admin_superstan
2017-10-09 15:39:14
Patriot7, провокация жаратпаңыз. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан