Алмазбек Атамбаев өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкону үчүн бир катар жарандарга сыйлык тапшырды (фото)

Бүгүн, 7-октябрда мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн социалдык, экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир катар жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Алмазбек Атамбаев мамлекеттик муниципиалдыкк кызматкерлерге, жеке ишкерлерге, маданияттын өкүлдөрүнө, спортчуларга жана спорт жаатында эмгектенген машыктыруучуларга, билим берүү жана илим тармагында иштеген мугалимдерге, дарыгерлерге, ошондой эле дин өкүлдөрүнө сыйлыктарды тапшырды.

Сыйлык тапшыруу аземинин жүрүшүндө "Манас" ордени, "Достук" ордени, "Даңк" медалы тапшырылды. Мындан сырткары эмгек сиңирген мугалим, эмгек сиңирген дарыгер, эмгек сиңирген артист наамдары, ошондой эле Ардак грамоталар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Pandora
2017-10-07 11:26:37
Жап жаш кесиптеши каза болуп жатса кантип жылмайып,кантип майрам кылганы конулу батып жатты экен????
+3
Azat.97
2017-10-07 11:35:49
Pandora,Ыйласынбы?
-4
Pandora
2017-10-07 11:38:20
Azat.97,Токтотуп койсун майрамын
+2
ekaterinburg
2017-10-07 13:34:54
Pandora,ар бир нерсе озунун кезеги менен болсо керек да!Жамандык менен жакшылык чогуу журот ушинтип.Эми эмне,баланча о дуйно узаптыр деп тируулорду унутуп коюш керекпи?Маркумдун жолун кылышты,болду да!Жашоо улана берет,кербен журо берет,ит уро берет дегендей!
+1
kyrgyz.kg83
2017-10-07 12:05:55
Сыйлык еле берет тынбай еле.Бакиевтин заманы азыркыга караганда алда канча жакшырак болчу.азыр айылдын баары москвада.бакиев малында баары айылда болчу бул озумун жашаган жерден бир еле мисал.ун 520сом биринчи сорт пенсия убагында ай сайын.мектепте китеп бекер.айта берсен тугонбойтко
+4
Ibanurkb
2017-10-07 12:58:15
kyrgyz.kg83,сен да кет да Бакиев атана
-9
ekaterinburg
2017-10-07 13:36:13
kyrgyz.kg83,анан неге элдер колдоп айдады?
+4
JaneEr
2017-10-07 20:42:25
ekaterinburg,Эл айдаган жок азыркы бийлик кетирди интрига кылып.
0
anelya_kaparova
2017-10-07 12:12:54
Бул иш-чара эртелеп даярдалган, пландалган. Катышуучулар чакырылган. Анан суук кабарды уккан президент, камдап койгон сыйлыктарды бербейм, кеткиле, башка күнү берем деп токтотуп коюш керек беле? Анда дагы бир нерсени айтып чыгат элеңер го, тообо кылдым....
-4
Tolkun555
2017-10-07 13:46:41
Бакиев азыркыга чейин иштеп турганда кыргыз мамлекети кыйла онолуп калат эле.башка олколордун алдында да абийирибиз кыйла ойдо болмок.азыркыга окшобой.Ашаны коп президенттер тоготпойт.Назарбаев баш болуп.
+2
tursunbaev78
2017-10-07 14:56:37
АША,каша
0
Paolo
2017-10-07 17:51:56
А.Нарматов заслуживает!
0
JaneEr
2017-10-07 20:41:04
Бакиев кыргыз эли учун кызмат кылган жападан жалгыз татыктуу президент болуп кыргыздардын журогундо калат.Аша Бакиевдин богун жебесин асыла бербей ал кылган иштин 10 процентин да кылган жок!Озу сыйы менен кетпей дагы тырмышып атканын бийликке!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан