Ырчы Ильяз Андаштын “Кетпе башкага” аттуу жаңы ыры жарык көрдү. Ырдын сөзү Алтынбек Алымовго, обону Ильяздын өзүнө таандык. "Ырда кыздардын кылыгы тууралуу айтылат",- дейт ырчы мырза. Ырчы билдиргендей, учурда аталган чыгармага клип тартуу иштери башталган. “Буюрса мамлекеттик сынактарды ийгиликтүү тапшырып алып, андан соң клипти соңуна чыгарам”,- дейт Андаш. Белгилей кетсек, ырчы мырза быйыл Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктоо алдында. Учурда мамлекеттик сынактарды тапшырып жүргөн кези.