Интернетке тараган "Темир Сариев жана казак ишкердин сүйлөшүүсү" деген аудио жазуу боюнча Сариевдин штабы жооп берди. Алар аталган билдирүү кезектеги Темир Сариевге карата уюштурулган кара пиар экенин билдиришти.
"Темир Сариев жана казакстандык ишкер Булат Утемуратовдун сүйлөшүүсү делинип интернетке жайылтылган телефондогу сүйлөшүү ким тарабынан жана кайсы жерде жазып алынганы белгисиз. Бул сүйлөшүү алдыда боло турган шайлоого жана кыргыз саясатына эч кандай тиешеси жок экени көрүнүп турат. Анда тараптар жеке жана саясатка тиешеси жок маселелерин талкуулап жатышат. Мындан улам ар кандай ушак-айыңга түшүндүрмө берүүнүн кажети жок деп эсептейбиз.
Бул кадам Темир Сариевге карата уюштурулган кезектеги кара пиар. Мындай ыкмалар менен айрым саясий атаандаштары аны каралоого аракет кылышууда. Бирок алар мындай иш аракеттери менен болгону элге өздөрүнүн коркуп жатышканын билгизишип, жаман көрүнүп алышарын түшүнбөй жатышат", - деген жооп узатышты Темир Сариевдин штабынан.
Айта кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына талапкер Темир Сариев жана казакстандык ишкер Булат Утемуратовго үндөрү окшош адамдардын телефондогу сүйлөшүүсү интернетке жарыяланган.