Өзбекстанда район акими пахта жыйноо боюнча өткөн жыйында жетекчиликтен жеме угуп, ооруканадан көз жумду

Өзбекстандын Андижан облусуна караштуу Улугнор районунун акими облус жетекчисинин катуу жемесинен кийин ооруканага жеткирилип каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, пахта жыйноо боюнча өткөн иш-чарада 57 жаштагы район акими Асилбек Юсупов жетекчиликтен жеме уккан. Аким жыйындан кийин иш бөлмөсүнө барып, оозу-мурдунан кан кетип, эс-учун жоготкон. Ооруканага жеткирилген Юсуповдун дартына дарыгерлер инсульт деп диагноз коюшкан. Ал 3 күн бою комада жатып көз жумган.

Жыйынга катышкандар облус жетекчиси акимди катуу жемелеп, шылдыңдаган деп жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат беришкен. Дарыгерлер акимдин инсультка кабылышына мээнин чарчашы, стресс себеп болгонун айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Aijana121197
2017-10-07 18:30:06
Тобоо
+7
aylun
2017-10-07 18:33:26
Чеховдун "смерть чиновника" ангемеси жашоодо кайталанган го
+16
AKCAHAT
2017-10-07 18:58:21
2чи Северная Корея булар.)))
+13
aman0296
2017-10-07 19:13:32
Шумдук. Бир кулагынан киргизип экинчисинен чыгарып салбайт беле. Журогуна жакын албай.
+20
jalalabad93
2017-10-08 02:14:13
aman0296,журогу менен иштеген инсан экен да байкуш
+9
kenjebek_a
2017-10-07 19:54:11
Бир кулактан киргизип бир кулактан чыгарыш,ал биздин чондордо.Аларда жоопкерчилик,тартип,элдин алдында созго жыгы́луу деген бар.Бизде акимдин кабинетинде эмес борбордук аянтта соз угуп айыбы далилденсе да журо беришет.
+60
Omurbek998
2017-10-07 21:58:14
Булардын президентине суктаныш керек путин да жетпейт деп ойлойм
+8
jbolotov
2017-10-07 22:10:06
Биздин чондордун жегени кылмышы дадилденседа элди тоготупда койбой -Бул черный пиар, ушак, монтаж деп кутула беришет. Бизгеда ото катуу башкаруучу келсе экен.
+16
aika2015
2017-10-07 22:25:50
Жаткан жери жайлуу болсун. Мурда олуптур,каза тааптыр дегенди уксам кайгырат элем ыйлайт элем. Азыр бей марал эле окуп отуп кетчу болдум го... эртен мен олсом да эч кимдин иши болбойт да... аа деп эле ишин улай беришет.
+8
Best.bakyt
2017-10-08 05:29:56
Мына ишке берилгендик жоопкерчилик деген ушул да. Иши учун жемени ушунча катуу алган. Биздин жетекчи соройлор журот го. Жогорку Кенеште шылдын болсо да, чыгып кет бирин бири итче кууп салса да бетин бетон кылып,арам казанга башын малып.
+3
Rasul94
2017-10-08 08:14:41
чык эшикке десе керек да коп элдин арасында
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан