21 жаштагы кытайлык кыз уюлдук телефондогу оюндарды көп ойногондуктан бир көзү көрбөй калганы айтылды

Кытайлык кыз уюлдук телефондогу оюндарды көп ойногондуктан бир көзү көрбөй калганын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 21 жаштагы кыз күн сайын смартфондогу оюндарды ойноп, анын жыйынтыгы бир көзүнүн көрбөй калуусуна жеткирген. Бул тууралуу өзү төмөнкүлөрдү айткан.

"Жумуш жок күндөрү таңкы саат 6да туруп, тамактанган соң 16:00гө чейин оюн ойнойм. Анан кайра тамактанып, түнкү 1лерге чейин ойночумун. Кээде абдан берилип кеткендиктен тамак ичүүнү да унутуп койгон учурларым болгон", - деген ал.

Дарыгерлердин айтымында, мындай абал көбүнчө кары адамдарда кездешет. Ал эми кытай кызынын бул абалына көзүнүн өтө чарчагандыгы себеп болушу мүмкүндүгү божомолдонууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Isco22
2017-10-08 11:07:33
Тообо кылдым
+4
Nureles92
2017-10-08 11:07:52
XXXX жаман болуптур
+1
Batma08
2017-10-08 11:34:30
Ошондой болотда анан не болмок эле
+1
Kuba-savai87
2017-10-08 11:50:09
Оюн ойногону жаралгандай ойноптурго.
+16
Nevestkaa
2017-10-08 12:41:19
Бул кандайча тамак ичет ойнойт башка иш кылбайт экенби тооба.
+6
AKCAHAT
2017-10-08 14:08:34
Nevestkaa, кирин машина жууйт, илишин машина жууйт, уйун робот пылесос тазалайт,талаа иш, тандырлга нан кыл,тамак жаса,уй саа,тооко жем бер,уйга чоп сал бул жо такыр эле тушунугу жок 10жолу уктап туш корсо да тушуно кирбеген нерселер булар учун.Жада калса булар уйундо 2 жумуртка кууруганын да милдет кылышат тим эле очоко быкшып от жагып тутонго козу ачышып тамак кылгансып.Биздин апалар,женелер,келиндер бар болсун, дуйнодогу эн иштемчил жаны иттей бышык, мышыктай 40 жандуу.Выходнойду да билишпейт
+15
Razakova_aikyz
2017-10-08 15:25:10
Nevestkaa, жумушу жок кундору ойнойт экен
-1
Dilbaranurdinova
2017-10-08 15:43:41
балам да коп ойноп коп корот телефон жиндиси болуп алыптыр эмне кылып алдасак экен
0
Nevestkaa
2017-10-08 18:42:12
Dilbaranurdinova,үндү бийик чыгарып экинчи телефонду кармасаң менден көргүлүктү көрөсүн деп катуу уруштум эле жакшы кармабай калды.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан