Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу Өкмөттүн буйругу менен маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Белгилүү болгондой, маркум 9-октябрь, дүйшөмбү күнү жерге берилет.
Уюштуруу комитетинин курамы:
Сапар Исаков – премьер-министр, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Мухаммедкалый Абылгазиев – Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары;
Нурханбек Момуналиев – Өкмөттүк аппараттын жетекчиси;
Улан Исраилов – ички иштер министри;
Адылбек Касымалиев – каржы министри;
Жамшитбек Калилов – транспорт жана жолдор министри;
Кубатбек Боронов – өзгөчө кырдаалдар министри;
Талантбек Батыралиев – саламаттыкты сактоо министри;
Түгөлбай Казаков – маданият, маалымат жана туризм министри;
Албек Ибраимов – Бишкек шаарынын мэри;
Алмазбек Курманалиев – Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары;
Абдил Сегизбаев – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Мирбек Касымкулов – Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы;
Илим Карыпбеков – КТРКнын жетекчиси;
Узарбек Жылкыбаев – Ысык-Көл облусунун жетекчиси;
Нурбек Мамбетакунов – Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармасынын орун басары;
Болот Жумалиев – маркумдун тууганы.