БШК президенттик шайлоого карата дагы 283 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого карата дагы 283 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КМШ Миссиясынан, ШКУ Миссиясынан, ЕККУнун Адам укугу боюнча демократиялык институттар Бюросунан өкүлдөр эл аралык байкоочу катарында аккредитациядан өтүштү. Комиссия дүйнөнүн 57 мамлекетинен 712 эл аралык байкоочуну аккредитациялады.

Эл аралык байкоочу мыйзамда белгиленген тартипке ылайык, шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ. Ал чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан чыгуучу адам.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dilmurat
2017-10-09 08:30:56
(((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан