СУПЕРСТАН: "Жигиттер алгач кыздардын жүзүнө, бой-келбетине көңүл бурушат"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Алгач баланын же кыздын эмнесине көӊүл бурасыӊар?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Жүзүнө карайм, себеби боёнгон кыздарды жактыра бербейм. Анан да эмнегедир колдоруна өзгөчө көңүл буруп карайм. Эмнеге экенин билбейм, ички дүйнөсүнө маани берем. Кыздардын колдорундагы узун тырмактарын жактырбайм".

"Тартынчаак болгонум үчүн адамдын жүзүнө тик карай албайм, бирок көзүн кароого аракет кылам. Көз көп нерсени айтып турат эмеспи. Анан дагы көпчүлүк учурда бут кийиминин таза же таза эместигине көңүл бурат экенмин".

"Чачын карайм. Кээ бир балдар бар го чачын өстүрүп анан, майланыштырып алышат. Анан да бою, кийген кийими маанилүү".

"Бир жолу окуу жайда балдар-кыздар болуп экиге бөлүнүп жарышып калган. Анан ушул суроого жооп берүү үчүн 1 мүнөт убакыт берилген. Кагаздарын алып караса, балдардын кагазында "жүзүн, фигурасын" деп, кыздардын кагазында "чачын, кийингенин, сулуулугун, фигурасын, көзүн, тазалыгын..." айтор, тырмактарынан бери жазышыптыр".

"Баары бир аялзаты жакшы сындайсыңар. Мугалимибиз "бутуңдагы кийген бут кийими кандай болсо, бала да ошондой болот" деп айта берчү. Анан класстын ичи бут крем жыттанып, танаписте арт жакка өтүп бут кремдейт элек. Сумкада бут майлар үзүлбөй калган".

"Билбейм биринчи адам өзү бүт бойдон мындай комплекстүү түрдө көзгө урунат го. Анан сүйлөгөнүнө, мимика, жест, манераларына көңүл бурасың дегендей. Кыскасы, жалпы образы көзгө урунат. Атайылап батинке, тырмак карабайм, унутуп калам".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Isco22
2017-10-08 17:58:00
Ииии кокуй бактылуу болсо болду да,ички дуйносуно мамилесине карап
+1
Bek_abad
2017-10-08 18:21:41
Ички дуйносун карайбыз деп баарыбыз айтабыз. А бирок сулуулука карайбызго моюнга алыш керек...
+6
AKCAHAT
2017-10-08 18:53:59
Иш боюнча бироого чалып суйлошуп эле ананыраак жообун айтам деп телефонун очуруп салды такыр. Кийин ватсапка эн сонун суротуму койуп "адамга окшоп жооп берсен!" деп жазып жибердим. Анан зв кылып кечкээ жазышты коро бер да))Очуму алдым... шумшук десе
+1
Isco22
2017-10-08 19:01:24
AKCAHAT,бул жагы кино болуптур да аа эже))
-1
AKCAHAT
2017-10-09 01:57:02
Isco22,сенден кичине болсом керек Ыско брат
0
Sarywka2017
2017-10-08 19:39:53
Мен балдарга чыгып жатканда ....Боюном,чачымды прическа кылып тырмагымды маникюрлап чыгам. Обязательно жуунуп чыгам таза болсом да мага салт болуп калган. Бир киймимди экинчи жолукканда кийбегенге аракет кылам. Балдардын тазалыгына, кийген кийимине карайм. Анан теласына накачный балдарды обажаю
-2
Isco22
2017-10-08 20:24:27
Sarywka2017,кучтуусун го Сарышка)) мен жагат окшойм анда сага))
0
Sarywka2017
2017-10-08 21:51:34
Isco22,ошондойго накачный окшойсун )))
0
Isco22
2017-10-09 10:05:28
Sarywka2017,кундо качка барам,жуунам,кийимдерим таптаза,инстада барсынбы болсон жазып койчу
0
Sarywka2017
2017-10-09 15:38:59
Isco22, инстаграмда бармын. Силер бергиле дружба жиберип койом
0
Isco22
2017-10-09 20:38:38
Sarywka2017,купыя катка жазам
0
Mers124
2017-10-08 23:52:10
Sarywka2017,грамотный балдар жакпайт де.
0
Sarywka2017
2017-10-09 15:36:46
Mers124,жагат да. Биринчи кебетесине, тазалыгына конул бурам. Андан кийин грамотный бы жокпу карайм.
0
AKCAHAT
2017-10-09 01:56:30
Sarywka2017, жуунуш керек кырыныш керек мало ли что)))))
+3
Tyty1990
2017-10-09 09:46:58
Назик ичке колдоруна карайм
0
malikkkg
2017-10-10 11:16:33
Мен 80% сулуулугуна карайм ))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан