Латын америкалык революциячы, Кубанын тунгуч өндүрүш министри, күрөштүн символу болуп калган Эрнесто Че Гевара 50 жыл мурун, 1967-жылдын 9-октябрында өкмөттүн аскерлери тарабынан курчоого алынып атып өлтүрүлгөн.
Че Гевара1928-жылы 14-июнда Аргентинанын Росарио шаарында архитектордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1955-жылы Че Гевара Фидель Кастро менен таанышып, кийин анын революциялык отрядына кошулган. Эки жылдан кийин ири колоннаны башкарган. 1959-жылы революция жеңгенде Че Гевара Кубанын жарандыгын алып, саясатка аралашкан. Кийин Че Гевара мамлекеттик кызматтан кетет. 1,5 жылдан кийин Боливиядагы көтөрүлүшчүлөр менен бирге экендиги маалым болгон. Ал Боливияда партизандар кыймылын уюштурат.