Түркия менен АКШ бири-биринин жарандарына виза берүүнү эки тараптуу чектеди

Түркия менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы дипломатиялык тиреш визага эки тараптуу чектөө коюуга чейин жетти. Вашингтондогу Түркия элчилиги АКШ бийлигинин мамилесин кайрадан талдап чыгууга аргасыз экенин билдирип, дипломатиялык миссия менен жүргөн өкүлдөрдүн коопсуздугун ойлошууда.

Ушул сыяктуу эле билдирүү АКШ тарабынан мурдараак жарыяланган. Мындай конфликт өткөн аптада АКШнын консулдугунун кызматкери Стамбулда кармалганы боюнча окуядан кийин жаралган. Башкача айтканда, Түркия бийлиги аталган АКШ жаранын учурда АКШда жашынып жүргөн, өткөн жылдагы Түркияда чыккан жаңжалдын уюштуруучусу катары шектелген Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деп шектеп, колго түшүргөн.

АКШ Түркиянын бул кадамын негизсиз деп атап, эки тараптын дипломатиялык мамилелерине зыян алып келерин билдирди.

Ал эми Анадолу мамлекеттик агенттиги консулдуктун кармалган кызматкери Түркиянын жараны экенин кабарлады. Кечээ, 8-октябрда Вашингтондогу Түркия консулдугу жогорудагы жүйөлөрдү келтирип, АКШ жарандарына виза ачууну толугу менен токтотту. Бул тартип кагаз түрүндөгү жана электрондук, ошондой эле чек арадан берилүүчү визанын бардык түрүнө тиешелүү экенин кабарлайт консулдук.

Мындай билдирүүдөн соң АКШ бийлиги да бул кадамды кайталап, Түркия жарандарына АКШга кирүүгө виза берүүнү токтотту.

Белгилей кетсек, Анкара АКШдан Фетхуллах Гүленди өлкөдөн чыгарып Түркияга берүүсүн көптөн бери өтүнүп келет. Өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган Гүленди 2016-жылдагы Түркияда чыккан оппозициялык кыймылдын уюштуруучусу катары күнөөлөп келет. Гүлен өзү да бул айыптоону четке кагып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
erkeleim
2017-10-09 13:57:54
Гулен илимдуу киши бул жон гана саясий куугунтук бийлик алмашса акталат Иншаала
+3
Best.bakyt
2017-10-09 19:07:50
Эрдоган азамат экен. Бир кезде орустар менен тирешти эле тайманбай, эми АКШменен тен ата суйлошуп атышы эрдиги эмей эмине.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан