Экс-депутат: "Биздин коопсуздук кызмат иштебей эле саясатчылардын артынан аңдып жүрөт"

Бүгүн, 9-октябрда Бишкекте "Карамагында улуттук коопсуздук маселелери болгон мамлекеттик органды реформалоонун негизги идеялары" деген аталыштагы жыйын өттү. Анда УКМКны саясаттан четтетүү боюнча жыйынга саясатчылар, жарандык активисттер катышууда.

Коомдук ишмер, экс-депутат Бегалы Наргозуев учурда укук коргоо органдарын, УКМКны саясатташуудан чыгаруу мезгилдин талабы экенин айтты.

"УКМКнын эле эмес, бүт укук коргоо органдарын, сот системин саясатташуудан чыгарышыбыз керек. Анткени булардын баары бийликтин камчысын чаап жүрөт. Ички иштер министрлигинин да 9-10 бөлүмү бар. Алар деле өзүнүн ишин жасабай саясий иштер менен алек. Биздин коопсуздук кызмат иштебей эле саясатчылардын артынан аңдып жүрөт. Бир террорчу учак менен учуп келип, Кытайдын элчилигин жардырды. Биздин коопсуздук кызмат анын алдын ала алган жок. Бир жарым жылдан бери Кыргыз жарандары бизнесмендер Кытайга виза ала албай жүрөт", - деди Наргозуев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
daak9191
2017-10-09 11:43:41
Тура соз ак соз
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан