Кара жорго аркылуу жана башка улуттардын бийлери менен белгилүү болгон 6 жаштагы Нурпери Тургуналиеванын "Лучше всех" таланттар шоусуна катышып, өнөрүн тартуулаганын Орусиянын Биринчи каналы көрсөттү. Телеберүү кечээ, 8-октябрда эфирге чыкты.
Анда кичинекей бийчи 2 жашынан баштап бийди интернеттен өзү өздөштүргөнүн айтып, "Жалын" бийди жана грузиндердин бийин бийлеп берген.
Эскерте кетсек, ушул жылдын март айында Нурпери Бишкекте өткөн сынактардын биринде кийимди бат алмаштырып кийип, 3-4 улуттун бийин бийлеп көрүүчүлөрдү таӊ калтырып, Кытайга өнөрүн көрсөтүп келүүгө жолдомо алган.