Бүгүн, 9-октябрда Бишкекте "Карамагында улуттук коопсуздук маселелери болгон мамлекеттик органды реформалоонун негизги идеялары" деген аталыштагы жыйын өтүүдө. Анда УКМКны саясаттан четтетүү боюнча жыйынга саясатчылар, жарандык активисттер катышууда.
Коомдук ишмер Равшан Жээнбеков бүгүнкү шартта укук коргоо органдарын реформалоо өтө оор экенин айтты.
"Эгер биз мамлекетте саясий реформа жасай албай турган болсок, УКМК менен ИИМди саясаттан алыстата албайбыз. Саясий реформа деген бул күч органдарынын үстүнөн коомдук көзөмөл. Жарандык коом алардын ар бир жасап жаткан ишин мыйзам чегинде көзөмөлдөшү керек. Эгер биз УКМК менен ИИМде реформа кылабыз дей турган болсок, саясаттан ажыратабыз десек, анда парламенттик көзөмөл болушу керек. Бирок биздин УКМК менен ИИМди бүгүнкү парламент, албетте, көзөмөлдөй албайт", - деди Жээнбеков.