УКМКнын мурдагы кызматкери: "Коррупция менен күрөшүү, кызматтык кылмыштарды тергөө УКМКнын иши эмес"

Бүгүн, 9-октябрда Бишкекте "Карамагында улуттук коопсуздук маселелери болгон мамлекеттик органды реформалоонун негизги идеялары" деген аталыштагы жыйын өтүүдө. Анда УКМКны саясаттан четтетүү боюнча жыйынга саясатчылар, жарандык активисттер катышууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов коопсуздук кызматын саясаттан четтетүүнүн жолдорун айтты.

"Коррупция менен күрөшүү, кызматтык кылмыштарды тергөө сыяктуу ИИМдин, башка органдардын милдеттерин кайталаган функцияларды алып салуу шарт. Коррупция менен күрөшүү, кызматтык кылмыштарды тергөө УКМКнын иши эмес. Коопсуздук кызматын саясаттан ажыратуунун жолу бар. Бул үчүн УКМКнын чалгындоо жана контр чалгындоо милдеттеринен башка функцияларын кыскартып салышы керек", - деди Иманкулов.

Ал ансыз да коопсуздук кызматында толгон милдеттер жүктөлгөнүн айтып, бүгүн УКМК негизги милдеттерин унутта калтырып жатканын айтты.

"Коопсуздукту камсыздоо көп тармактуу иш, контр чалгындоонун ичинде террорчулук, тыңчылык, башка мамлекеттин чалгындоочуларынын бизде болуп жаткан иштерин бууп токтотуу сыяктуу иштердин баары калып калбадыбы азыр. Учурда ошол иштерге жумшала турган күчтөрдүн баары саясий иштерге иштеп жатат. Коркунучтардын баары сыртта жатат. Туура эмес саясаттын натыйжасында жасалма коркунучтарды түзүп алып, өзүбүз менен өзүбүз кайнап жатабыз", - деп кошумчалады Иманкулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Isco22
2017-10-09 13:29:43
Уят да уят жалбырак да жерге тушот,
+1
tatynam_88
2017-10-09 13:32:37
Биздин иш атамбаевке каршы чыккандарды.кучтуу.билимдуу.аброцлууоарды камоо.тутуу.олтуруу дебептир.уяты жоктор
+4
ajdaaar
2017-10-09 13:54:48
Туура айтат... Атамбаев ИИМ, УКМК, Баш прокуратурага оз адамдарын койгондо эле айтканбыз, Атамбаев оз бийлигин коргоо учун жансакчы, шофер ж.б. жооптуу кызматтарга коюп жатат деп....

Мына эми даана айкын болду, Атамбаев эинеге оз адаидарын жооптуу кызматтарга койгону....
+2
ajdaaar
2017-10-09 14:01:02
Башкасын коюп Садыр Жапаровду кармоо, камоо иши УКМКга жуктолгону тушунуксуз... Садыр Жапаров террорист же Батукаевдей кылмышкер беле, УКМК кармагыдай?!! Батукаевди болсо бийлик озу бошотподу беле?!! Кыскасы ууру-каракчылар боштондукта, эл учун куйгон азаматтар турмодо болгон заманга жеттик Атамбаев доорунда.....
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан