Жыл сайын 10-октябрда Бүткүл дүйнөлүк психикалык ден соолук күнү белгиленет. Буга байланыштуу өлкө аймагында психикалык ден соолуктун бир айлыгы жарыяланарын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, бир айдын аралыгында тегерек столдор, маалыматтык билим берүүчү семинарлар, алдын алуу жана оорунун кесепеттери менен күрөшүү боюнча окутуулар өткөрүлүп, калкка психикалык оорулар тууралуу маалымат берүү иштери жүргүзүлөт.
"Ар бирибиз күн сайын стресс коштолгон кырдаалга туш болобуз. Өнөкөткө айланган стресс депрессия, аракечтикке алып келип, психикалык ооруну чакырышы мүмкүн. Ар бир адам стресстен арылууга аракет кылуусу керек. Психикалык ден соолук күнү бул ооруга чалдыккандарга толеранттуу мамиле жасоого үндөйт", - деп айтылат маалыматта.
Психикалык ден соолук күнү БУУ тарабынан белгиленүүчү эл аралык саамалыктардын катарына кирет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча планетада психикалык оору менен жабыркаган 450 миллиондон ашуун адам жашап келет. Бул күндү белгилөөнүн максаты - жогорудагы ооруга коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.