Дональд Трамптын биринчи жубайы президенттин азыркы деңгээлине жетишине себепкер экенин айтты

АКШнын президенти Дональд Трамптын биринчи жубайы Ивана Трамп америкалык телеканалдардын бирине берген маегинде президенттин азыркы деңгээлге жетишине себепкер экенин айткан.

Ошондой эле ал Дональд Трамп менен жумасына бир жолу сүйлөшүп турарын билдирген.

"Ал азыр деле мага кеңеш сурап кайрылып турат. Твиттерге бир нерсе жазардан мурда постту жарыялоо зарылчылыгын менден сурайт. Анын социалдык тармакка ар кандай маалыматтарды жазып турушун туура деп эсептейм. Себеби бул коомчулукка ойду жеткирүүнүн жаңы ыкмасы", - деген ал.

Ивана Трамп интервьюда кооз үйлөрү бар экенин айтып, азыркы жашоосуна ыраазы экенин кошумчалаган. Андан сырткары уулу Эрик жана кызы Иванка менен сыймыктанарын айткан.

Белгилей кетсек, мурдагы актриса жана фотомодель Ивана Трамп Дональд Трамп менен 1977-1992-жылдары никеде болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aitun
2017-10-09 18:30:19
Болушу мумкун аял жакшы эр жакшы дейтго.
+2
AKCAHAT
2017-10-09 19:44:13
А байкуш аялдар мурдун тузуктоп тарталбай жургондо аял болушуп, аш жесе аш, таш кемирсе таш кемирип эрин бутуна тургузушат байытат анан балдарым бар бактым бар деп кала беришет жузун тырыш басып картайганда, ордун жапжаш супсулууга бошотуп.
+4
Snejana
2017-10-09 20:10:53
AKCAHAT,бирок жаш убакта, анан дагы,
биринчи болчу деген жери бар
0
PROS
2017-10-10 07:10:40
AKCAHAT, Трамп төрөлгөндө эле миллионер болгон
0
AKCAHAT
2017-10-10 09:27:31
PROS, Трамптан башка деле миллионерлер бар го дейм, кандай?
0
isabek1977
2017-10-09 20:16:20
Бул америкос аксакал дуйного коп эле булук салчу корунот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан