СУПЕРСТАН: "Карьера деп жүрүп турмуш жолуна кеч аттанган кыздар тууралуу"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Карьера деп жүрүп турмушка кеч аттанган кыздар" деген тема талкууга алынган.

Темадагы автордун билдирүүсү:

"Азыр жалгыз бой кыздар көп. Көбүнчөсү карьера деп жеке жашоону экинчи планга коюп келишет. Ошентип убакыт өтөт, жумуш эмне, баягы эле бүтпөгөн жумуш да. Күндөрдүн бир күнүндө көзүн ачса эле жашы отуздан ашып, жашы өтүп бараткан болот. Айласы кеткенде, бирок Кудай сактасын, тү-тү, бир улуу кишинин экинчиси же андан башкасы болуп турмушка чыгып жатышат. Аялзаты жанында караан болгон уул-кыздуу болгусу келет да. Иши кылып, мындай тагдырлар көп... Урматтуу окурмандар, жашы өтүп, ошентип турмуш курган кыздарга көз карашыңыздар кандай? Бир жактан ойлосоң, бирөөнүн үй-бүлөсүнө кыпчылып жаткандай болот. Бирок ар ким эле бактылуу болсом дейт да?"

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Көздүү мончок жерде калбайт. Кыздын чырагы кырк жанат. Ошондуктан 30 жаштан өткөндөр, биздин таалайыбызга ак боз ат минген ханзаада тургандыр. Тагдырга эмне жазса ошол болот".

"Эрте турмуш курабы же кечпи, эң башкысы - бактылуу болуу. Бирок күйөөгө тийбей калдым деп эле бирөөнүн үй-бүлөсүнө ашыкча адам болуп кирип алган туура эмес. Ажырашкан болсо анда башка кеп. Бул дүйнөдө ар бир адам өз ырыскысы менен дешет го, ошон үчүн кыжалат болбой түгөй болчу адамды издеш керек деп ойлойм. Бирөөнүн бүлөсүн бузган такыр туура эмес".

"Тең салмак сактоого аракет кылуу керек. Үй-бүлө деп баарын таштап салганда жашоо кайсы нукка бурулат ким билсин? Балким, Кудай сактасын, бирок күйөөң каза болуп же ажырашып кетсе, балдарды багуу үчүн иштешиң керек. Бирок, тилекке каршы, убагында өсүүлөр күтүп турган жумушуңду үй-бүлө үчүн таштап салгансың да, эми аз акча төлөгөндүн орунда иштешиң керек болот да, балдарыңдын келечегине терс таасирин тийгизет. Азыркы заманда артык каражат эч кимге зыян алып келген эмес. Үй-бүлө күтүп дагы, ишиңди да жакшы жөнгө салууга толук мүмкүнчүлүктөр бар".

"Жашы өткөндөр гана башканын бүлөсүн бузат дегенге кошулбайм, анткени азыр жапжаш кыздарыбызды көрсөң болот. Андай жолдо, беш кол тең эмес дегендей, ал адамдын ой жүгүртүүсүнөн. Ал эми экинчиси болууну же күйөөңдүн башка да аял алышын ким кааласын".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kyrgyz-patriotu
2017-10-09 22:55:51
Жогорудагы билдируу калтырган 30 жаштагы боз ат минген ханзаада, сиз поездди кутуп отура берсениз, ал поезд кетип калган эчак эле. Ошондуктан оюнузду жомок кылбай эле эрте уй було курууга аракет кылыныз деп айтып кетет элем. Антип Ромео менен Джульедой болом деп энсесениз анда ал жомок.Жана экинчи билдируу боюнча куйоон олуп калса, балдарды ким багат деген тууганыма, бул дуйнодо туболук эч ким жок.Анда элдин баары куйоого тийсен куйоон олуп калат экен деп журо бербейби.Жакшылыктан умут узбогуло.
+1
jon.as
2017-10-10 04:40:37
Тобоо кылдым, куйон олуп калса дебей жакшы тилек кылганды уйронолучу....ким билет биринчи куйон олобу же сен олосунбу аны бир гана Кудай билет. Эртеби кечби акыр барабыз ал жайга туболук эчким калбайт бул жалган дуйнодо. Кыз кишинин эрте эле куйого тийип ордун таап, очор бачар болуп жашап кеткени жакшы эмесби..?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан