Сегиз ай аралыгында өлкөдө кош бойлуулук учурунда жана төрөттөн 34 аял каза болгону айтылды

Саламаттыкты сактоо министрлигинде бүгүн, 9-октябрда кош бойлуулук маалында жана төрөт учурунда аялдын өмүрүнө кооптуу абалдын жаралышы, алдын алуу жолдору талкууланды. Анда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан сунушталган ыкманы медицина кызматкерлеринин арасында жайылтуунун жыйынтыктары каралды.

Жолугушууга эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, акушердик жумуштун сапатын жакшыртуу боюнча жооптуу медицина кызматкерлери катышты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашева ушул жылдын сегиз айында кош бойлуулук учурунда жана төрөттөн 34 аял көз жумганын билдирди.

"Жакында эле кайгылуу окуя Талас облусунда болуп өттү. Биз ал аялды критикалык кырдаалдан алып чыгууга бүт аракетти жасап, бирок анын өмүрүн сактап кала алган жокпуз. Дарыгерлер, акушер, медайымдар менен биргеликте дал ушундай окуяларды талкууга алып, кетирген катачылыктарыбызды белгилейбиз. Азыр медицина кызматкерлерин дароо жазага тартпай калдык. Анткени бул кайсы бир учурларды жашырып коюуга алып келиши мүмкүн. Абалды турукташтыруу үчүн эмне кылуу зарыл? Эне болуу жаатында кадрдык көйгөйлөрдөн тартып бизде чечилбеген маселе көп. Биринчи кезекте биз аялдын абалы оорлошуп жатканын аныктап, жардам көрсөтө алчу мекемелерге жиберишибиз керек. Алгач аялдар эмне себептен өзүн жаман сезип жатканын айтып беришине көңүл бурушубуз зарыл", - деди Асылбашева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Pandora
2017-10-09 20:01:22
Кудай сактааа.Врачтар озу конул кош мамиле жасайт,тууганын же таанышын чон болсо артындан чуркап карабаса бизге окшогон келип келип байкуштун акчасын алмай,каза болмой...
+2
dina
2017-10-09 20:57:48
Аябай эле коп корсоткуч 8 ай учун. Кудай сактасын.
0
Azura
2017-10-09 22:42:18
Жаның кыйналып, жашооң ошолордон көз каранды болуп турса эч нерсе дей албайт экенсиң. Жакында төрөгөм. Төрөгөнчө күйөм жанымда болуп, врачтар жакшы карап жатышкан. Анан род.залдан палатага которуп күйөмдүн акчасын (сүйүнчү,көрүндүк,ыраазычылык) алгандан кийин чыгарышты. Кыйналганга уктадым... 2 сааттай уктагандан кийин турайын десем тура албайм... симфизит. Балам колумда, жанымда эч ким жок, киргизишпейт, же карашпайт, жалдырап-чөнтөгүнө акча тыгып атып күйөм,сиңдим кирип карап жатышты.
+1
jon.as
2017-10-10 04:47:23
Кудай сактасын. Менда торосомбу деп журом......ушундай жанылыктарды угуп коркупта кетет экенсин. Адамдын оюна эмнелер келбейт тороп эле жургон аялмын, бирок корком. Азыр коп жерде врачтардын шалакылыгынан тороттон каза тапкан аялдар коп. Кудай врач менен милицияга коз каранды кылбасын
0
PROS
2017-10-10 07:06:56
Көрсөткүч 19-кылымга кетип калган го ((( баарына коррупционерлер күнөөлүү!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан