Бүгүн, 9-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын 4 мүчөсү Назарали Арипов, Гүлнара Журабаева, Атыр Абдрахматова жана Елена Джилкичиева кайсы бир президенттикке талапкердин каттоосун жокко чыгарбоого чакырып, кесиптештерине ачык кайрылуу жасашты.
"Тагдыр биздин курамыбызга Кыргыздын келечектеги жолуна жакшы таасир этүүгө тарыхый уникалдуу мүмкүнчүлүк берди: алгачкы жолу өлкөбүздө шайлоочулар иштеп жаткан адамды "бекитүү" эмес, президенттикке жаңы адамды шайлоо укугуна ээ болду.
Эгер биз мындай жогорку максатка татыктуу боло албасак, көз карандысыз жана адилеттүү боло албасак, биз шайлоону үзгүлтүккө учуратып, Кыргызды эволюциялык өнүгүү жолунан жарга түртүп, жарандык тирешүүгө жеткиришибиз мүмкүн.
Эгер Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого аз күн калганда кайсы бир президенттикке талапкердин каттоосун жокко чыгарса, шайлоо болбой, мурдагы жылдардай бир талапкерди бекитүү болуп калат. Элдин өзүнүн башчысын шайлоо мүмкүнчүлүгү ишке ашпай калат. Бүгүнкү күндө эки негизги талапкердин бирин жарыштан четтетип салууну коом чоң адилетсиздик катары кабыл алат.
Биз Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүн өзүнүн мураскорун колдоп жаткан бийликтин жетегинде жүрбөөгө, ошол эле учурда күрөштүн туура эмес ыкмаларын колдонуп жаткан башка талапкерге көнбөөгө чакырабыз," - деп айтылат маалыматта.