Казакстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаевдин Казакстан тууралуу айткан пикирине жооп катары билдирүү жасады

Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин 7-октябрда сүйлөгөн сөзү боюнча билдирүү жасады.

Эскерте кетсек, өлкө башчысы өз сөзүндө Казакстан тууралуу пикирлерин айткан.

"Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаев иш-чаралардын биринде сүйлөп жатып Казакстандын социалдык-экономикалык аспектилерине байланышкан одоно жана эки өлкөнүн достугуна залакасын тийгизе турган билдирүү жасады. Эки өлкөнүн мамилеси жылуу боюнча калат деген ойдо, Кыргыз ажосунун жоопкерчиликсиз, козутуучулукка мүнөздүү жалган жана шайлоо алдындагы кайсы бир максатты көздөп сүйлөгөн сөзү эки элдин достугуна доо келтирбеши керек деп ишенем. Буга байланыштуу мен Кыргыз коомчулугун Казакстан Республикасынын чыныгы экономикалык өнүгүүсү тууралуу токтоосуз кабардар кылып коюуну чечтим.

Эгемендүүлүктү алгандан тарта биздин өлкөнүн экономикасы 20 эсеге өстү. 2012-жылы Казакстан экономикасы жагынан өнүккөн өлкөлөргө атаандаштык жарата турган 50 өлкөнүн катарына кирди. Өлкөдө күчтүү улуттук бизнес түзүлдү.

Казакстанда "Doing Business" 35-орунда турат. Бүгүнкү күндө 1,3 миллион жеке ишкерлик түзүмдөр улуттук байлыктын төрттөн бир бөлүгүн гана ээлейт.

Эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардан тарта Казакстан 120 миллион квадрат метр турак жай курууга жетишип, 1,1 миллион үй-бүлөнү батир менен камсыздады. Өлкөдө социалдык инфраструктура активдүү өнүгүп жаткан чагы. Тактап айтсак, 1,3 миң жаңы оорукана жана бейтапканалар, 500 жаңы бала бакчалары 1,4 миң мектеп курулган".

Өз сөзүндө премьер-министр Кыргыз мигранттары тууралуу да пикирин айтты.

"Кыргыздан келген 125 миң эмгек мигранты Казакстанга келип катталып, жашоо кечирип жатышат. Муну менен катар алар толук кандуу биздин мамлекеттин социалдык жана медициналык кызматтарынан тоскоолдуксуз пайдаланып жатышат. Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин карманган позициясына жараша, учурда эки өлкөнүн импорттук бажылык төлөмдөрүнүн Евразия Экономикалык Биримдигиндеги үлүшү 1,9 пайызды түздү. Бул мүмкүнчүлүк Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге киргенден бери бюджетинин кескин өсүшүнө түрткү болду", - деди.

Мындай пикири менен бирге өлкөнүн премьер-министри акыркы 15 жыл аралыгында ишке жарамдуу калктын орточо айлыгы 10 эсеге өскөнүн айтып, Кыргыз өлкөсүнүн жарандары алган айлык акынын өлчөмү менен салыштырган.

Ошондой эле акыркы жылдардагы бардык тармактагы жетишкендиктерди баса белгилеген премьер-министр "Кыргыз өлкөсүнүн президенти Алмазбек Атамбаевдин биздин өлкө тууралуу бир нече ирет орунсуз айтылган пикирлерине карабай, Казакстандын бийлиги коңшу Кыргыз менен мамилени мындан да тереңдетип, стратегиялык өнөктөштүктү уланта бермекчи", - деп жыйынтыктаган билдирүүсүн.

Эске сала кетсек, президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Казакстанда байлыктар уурдалып жаткандыктан казак элинин пенсиясы аз экенин айткан.

"Урматтуу Нурсултан Абишевич Назарбаев "Алматы шаарынын ички дүң продукциясы бүт Кыргыз өлкөсүнүкүнөн 5 эсе жогору" деп туура айткан. Туура, Казакстандын ички дүң продукциясы биздикине караганда 20 эсе көп. Анда эмне үчүн казак элинин пенсиясы биздикинен 1,5 эсеге эле көп, тариф 5 эсе көп? Эмнеге? Анткени Казакстанда байлыктар уурдалып жатат. Атамбаев аларга жаман үлгү көрсөтүүдө. Себеби эл адилеттүү бийликти каалап жатат... Бизге үйрөтүүнүн кереги жок. Биз өз жолубузду таап алганбыз", - деп билдирген Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (46)
haydarkan
2017-10-10 00:25:01
эми казак туугандар конулунорго албагыла ХХХХ ошого ошентип суйлоп койдук
+15
admin_superstan
2017-10-10 10:22:28
haydarkan, tima1211, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
-2
tasnim
2017-10-10 01:40:37
Казак туугандар кош колдоп отурат башка сайттарда туура суйлоду эн достойный президент А.Атамбаев дешип.А биз Н.Назарбаевге суктанып олтурабыз онуктуруп жиберди деп.Кыскасы бироонуку бироого ай корунот болду да.....
+1
Farhad.baku
2017-10-10 01:49:07
Ойлонуп жазсанар туптуура айты болгонун болгондой.Кошомат кылбай жон жазгылачы эмне Алмазбек А. Айткандай эмеспи.
-5
ajdaaar
2017-10-10 03:10:15
Farhad.baku, андай эмес!!! Бакиев Атамбаевдин баш оорусу, Назарбаевдин эмес!!! Анан калса пенсия-пособиени казактарга жеткирип алгыла да, анан сындагыла......
+3
Leilektik
2017-10-10 04:14:10
Атамбаев эркекче суйлойт коркуш деген жок кыргыз ушундай болот,казактар кийлигишпесин ,тарыхты унутканка шешендер канчасын сактап калган атабабалар ,келечек алдыда Кыргызстан онугот,ХХХХ,тонкоруш болсо Кыргызстан эчкачан онукпойт оспойт 100%
-5
Aza17
2017-10-10 04:34:58
Атамбаевдин жолун улантчуу Сокени шайлагыла мынданда жакшы болот 6 жылда тышкы карызды 6 милярдка жеткирип онугобуз.
+3
sumaya
2017-10-10 04:41:19
Бизде качан эле таза шайлоо отчу эле?!Ким болоору белгилуу да,албетте Атамбаевдин адамы Жээнбеков!
Кана эле Адахан Мадумаров президент болуп калса...
0
admin_superstan
2017-10-10 10:23:54
Romantik., кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. 2 күнгө БАН!
-1
FIFA.
2017-10-10 11:37:03
Казахстандын чоңдору өтө маданияттуу и грамотный жооп беришиптир, аша окшоп балп эттирбей.
+1
hanisa
2017-10-10 11:52:38
Казахстанда мурун берек болчу больницалары азыр платный,
Мадумаров эле дейсинер эмне кылды Кыргызстан учу билгендер болсо жазып койгулачы бул какшык эмес чын эле сурап турам
+1
hanisa
2017-10-10 11:54:29
Менда окуп келдим бул жактагылар АШАНыкын туура деп жатышаткоо
0
hanisa
2017-10-10 11:57:28
Жаманда болсо биздин президент ко жазарда ойлонуп жазалы туугандар
0
Alixan-Nookat.2015
2017-10-10 12:39:22
Чын чынына келгенде казактар бизге караганда баардык тармактан онуккон кетерде ажобуз ойду келди суйлобой ошол казак жеринде иштеген кыргыздарды ойлосо тынч кетиш керек.
0
mratbashy
2017-10-10 12:45:48
Атамбаев эркек эгер бизде казактардыкындай баардык минералдар байлык болсо онукмокпуз кумтордон башка эч нерсе жокко
0
stepboy
2017-10-12 03:24:58
ЭЭээ Аша кыйратты туура айтты дегендер казактар кыргыздарды депорт кылып камап жатат ошолор келсе Ашанар иш менен камсывз кыла лабы колдогондор мага ушул суроомо жооп берип койгулачы Кыргызстан Россия га каттаган машинелер Фуралар кантип жатышат ошону ойлондунарбы жооп кутом
0
stepboy
2017-10-12 03:27:44
Биринчи мамлекетти ондоп тузоп кыйратаарлык иш кылып анан бироого асылыш керек Россияда казахтар почти жокко эсе эртен Путин жонундо дагы бир нерсе суйлоп койсун анан корот элем колдогонунарды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан