Меланья Трамп жолдошунун биринчи жубайынын айткандары боюнча билдирүү таратты

АКШнын ханайымы Меланья Трамптын басма сөз кызматы Дональд Трамптын биринчи жубайы Ивана Трамптын айткандары боюнча билдирүү таратты.

Анда биринчи айым Ивана Трамптын Дональд Трамп жөнүндө билдирүүсүн өзүнүн кызыкчылыгы үчүн элдин көңүлүн бурдурууга жасаган аракети деп атаган.

"Меланья Трамп өзүнүн наамын жана ролун китеп сатып акча табуу үчүн эмес, балдарга жардам берүүгө колдонот", - деп айткан биринчи айымдын коммуникация боюнча директору Стефани Гришэм.

Эскерте кетсек, Ивана Трамп америкалык телеканалдардын бирине берген маегинде президенттин азыркы деңгээлге жетишине себепкер экенин айткан. Ошондой эле ал менен жумасына бир жолу жолугуп, кеңеш берип турарын билдирген.

Мурдагы актриса жана фотомодель Ивана Трамп Дональд Трамп менен 1977-1992-жылдары никеде болгон. Экөөнүн ортосунда эки уул жана бир кызы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан