Ырчы KG Эльмураттын “Сүйүү таптым” аттуу ыры жарыкка чыкты. Ырдын сөзү Жаңылай Исаковага, обону Эдил Маматов менен ырчынын өзүнө таандык. “Чындыгында эле мен сүйүүмдү таптым. Анан сагыныч, кусалыкка баткан жаңы ырымды чыгарып отурам. Азыркы тапта клибин тартууну да ойлонуп жатам. Буюрса, жакын арада клибин да көрүп каласыздар”,- деди ырчы мырза. Айта кетсек, чыгармачылык жаатында тынбай иштеп жаткан KG Эльмурат “Татынакай келинчек” аттуу жаңы ырына да клип тартып жатканын кабарлады.