Бүгүн, 10-октябрда бирдиктүү электрондук кызмат көрсөтүүгө багытталган "Мамлекеттик электрондук кызмат порталы" жана "Маалыматтык күркөлөр" порталы ишке кирди. Бул порталды пайдалануу аркылуу өлкө ичинде жана чет мамлекетте жүргөн Кыргыз мамлекетинин жарандары жалпы жарандык паспортту ала алышат.
Өкмөт башчы Сапар Исаков чет өлкөдө жүргөн жарандарды жалпы жарандык паспорт алууда акча жана убакытты үнөмдөп портал аркылуу алууга чакырды. "Бул электрондук кызмат эл үчүн. Паспорт алууда да ушул жактан ала аласыздар. Акчаңыздарды жана убактыңыздарды үнөмдөңүздөр", - деди Исаков.
Порталга катталуу социалдык түйүндөргө катталган сыяктуу эле жүргүзүлөт. Ал эми кызмат үчүн көрсөтүлгөн акча каражатын төлөө электрондук капчык аркылуу төлөнөт.