Резиденцияда түгөйлөр электрондук портал аркылуу никеге туруу боюнча арыз беришип, өкмөт башчынын колунан белек алышты

Мамлекеттик электрондук кызмат порталы аркылуу жарандар нике тууралуу күбөлүк алуу үчүн каттала алышат. Бүгүн, 10-октябрда порталдын ачылышында алгачкылардан болуп түгөйлөр никеге туруу боюнча арыз беришти. Алар порталга катталып, төлөмдү электрондук капчык аркылуу төлөштү.

Ошондой эле өкмөт башчы Сапар Исаковдун колунан гүл жана чакан белектерди алышты. Сапар Исаков аларды никеге турушу менен куттуктап, биринчилерден болуп электрондук кызматты пайдаланган үй-бүлө экендигин белгиледи. Мындан улам алардын үйлөнүү тоюна баруу ниетин билдирди.

Электрондук кызмат порталы мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта пайдаланууга жол ачат. Ал "Таза коом" долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат. Аны пайдалануу үчүн идентификациялык электрондук карта (биометрикалык паспорт) алып, компьютерге атайын программаны көчүрүү керек.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Isco22
2017-10-10 11:31:52
Сонунго
+2
Tekecher
2017-10-10 11:38:29
Ой Азамат, мен ойлогондон до кыйын жигит окшойт.
+2
grace
2017-10-10 11:57:04
Бул жакшы жаңылык экен.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан