Бүгүн, 10-октябрда Жугуштуу ооруларга каршы күрөшүү кызматынын 120 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө кооптуу инфекциялар Республикалык борборунун 80 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык жыйын өтүүдө. Ага Кыргыздын Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери, дарыгерлер жана орусиялык белгилүү эпидемиология, микробиология жаатында эмгектенген адистери катышууда. Жыйын аталган тармакта эмгектенген кызматкерлерди сыйлоо менен башталды.
Адистердин бири Нурдөөлөт Үсөнбаев Кыргыз жеринде сарык оорусу эң көп катталган жугуштуу оорулардын бири экенин айтты.
"Соңку жылдары өлкөдө көп катталган жугуштуу оорулардын сап башында сарык оорусу турат. Анын түрлөрү көп, эң кооптуусу ичеги-карын аркылуу ооругандар. Ал эми бруцеллёз оорусу менен жабыркагандардын саны акыркы 10 жыл ичинде 4,5 эсеге азайды. Ошондой эле мурда сибирь жарасына 1 жылда 10-15 адам кабылса, быйыл 5 адам бул ооруну жуктуруп алыптыр. Негизи ушул сибирь жарасы менен кутурма ооруларын көбүнчө мал-жандыкка жакын адамдар жугузушат. Андыктан алар өз убагында текшерүүдөн өтүп, ден соолуктарына кам көрүп турушканы оң. Эгер оору күчөп кеткенче дарыгерлерге кайрылышпаса, анда өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк өтө эле аз болуп калат", - деди ал.