Статистика комитети: "Жарым жылда Кыргыз мамлекетине кирген чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 369,5 миллион долларды түздү"

2017-жылдын 6 айында Кыргыз мамлекетине кирген чет өлкөлүк түз инвестициялар 369,5 миллион долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 8,17 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда маалымат жыйында Улуттук статистика комитетинин башкы адиси Гүлбара Мажыкова билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдын 6 айында экономикалык инвестициялардын кириши төмөнкүдөй тартипте болгон:

67,5 пайыз - өндүрүш;

12,4 пайыз - геологиялык чалгындоо;

10,4 пайыз - каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагы;

0,4 пайыз - курулуш тармагы;

0,1 пайыз - электр, газ жана суу менен камсыздоо тармагы;

9,2 пайыз - башка тармактар.

Орусия федерациясы былтыркы 6 айга караганда 2017-жылы 91 пайызга аз инвестиция киргизген. 2016-жылы Орусиянын инвестиция көрсөткүчү 169,4 миллион долларды түзсө, 2017-жылы бул көрсөткүч 8,1 миллион долларга барабар болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан