Түркия тарап Боинг кырсыгынан жабыркагандарга компенсациянын калган бөлүгүн да которду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, президенттик аппараттын башчысынын орун басары Мухаммедкалый Абылгазиев Боинг кырсыгынан жабыркагандарга колдоо көрсөтүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү менен жыйынтыктоочу жыйын өткөргөн. Анда сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 135 макулдашууга кол коюлуп, жабыркагандар жана каза болгондордун жакындарына компенсация төлөнүп берилгени айтылды.
"Компенсациянын суммасы жабыркагандар менен макулдашылган. Түрк тараптан компенсация толугу менен которулду. Жарандардан жана уюмдардан ӨКМда ачылган эсепке түшкөн каражат жабыркагандардын жана каза болгондордун жакындарынын банктагы өздүк эсебине которулган", - деди Абылгазиев.
Айта кетсек, 2017-жылдын 16-январында "Манас" аэропортунун жанына Түркиянын Боинг учагы кулап, кырсыктан улам 39 адам каза болгон. Буга чейин Мухаммедкалый Абылгазиев Боинг кырсыгынан келтирилген зыян 195 миллион сомго эсептелгенин айткан эле. 30-мартта Түркия тарап Боинг кырсыгында жабыркагандарга 42 миллион сом которгону маалымдалган.