Мындан 552 жыл мурун, 1465-жылы 10-октябрда түрктөрдүн 9-султаны, 88-халиф Селим I Осмон империясынын Амасья шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал Осмон мамлекетин 1512-1520-жылдары башкарган. Селим тактыга атасы Байезид IIге каршы төңкөрүш жасоо менен отурганы айтылат. Башкача айтканда, ага кызын турмушка узаткан Крым ханы Менгли Гирай ага аскердик жактан колдоо көрсөтүп, бийликке келишине көмөк көрсөткөн. Маалыматтарга караганда ал бийликте турган мезгилде империянын аймагын 2 жарым эсеге кеңейткен.
Үй-бүлөсү
Селим Iнин Абдулла, Махмуд, Мурад, Сулейман I, Увейс аттуу уулдары; Фатма султан, Хатиже султан, Бейхан султан, Шах султан аттуу кыздары болгон. Ошондой эле Айше хатун, Хафса-султан, Тажлу-хатун аттуу жана аты белгисиз болгон жубайы болгон. Белгилей кетсек, айтылуу Сулейман султан Хафса-султандан төрөлгөн. Хафса-султан Валиде-султан наамын алып жүргөн.
Селим I 1520-жылы 22-сентябрда көз жумган. Анын ордуна уулу Сулейман I келген.
10-октябрдын жылнаамасы.