Орусиялык Биринчи каналдын "Жди меня" берүүсү эми НТВ телеканалынан көрсөтүлөрү айтылууда

Буга чейин Орусиянын Биринчи каналында көрсөтүлүп келген "Жди меня" берүүсү мындан ары НТВ телеканалынан көрсөтүлөт. Бул тууралуу орус басылмаларына аталган программанын продюсери Александр Любимов билдирген.

"Убакыт өткөн сайын Биринчи канал шаңдуу көрсөтүүлөргө көбүрөөк басым жасап калды. Мындан улам башка телеканалга которулууну туура көрдүк. Байкасак, соңку 2 жылдын ичинде НТВ каналы абдан чоң өзгөрүүлөрдүн үстүндө иштеп жатат. Ошол себептен аталган каналды тандадык", - деген ал.

Ошондой эле 20 жылдан бери колдоо көрсөтүп келген Биринчи каналга ыраазычылык билдирген.

"Ушул кезге чейин "Жди меня" бир гана Орус жеринде эмес, Ереван, Кишинёв, Минск, Астана жана Киевде ишке ашкан. Казакстан менен Украинадагы атайын чыгарылыштар азыркыга чейин эфирге чыгат. Алар менен биргеликте 200 миңден ашуун издөөдөгү адамдарды таптык. Мындай мүмкүнчүлүктү түзүп берген жана 20 жыл мурун эч нерсеси даяр эмес чийки программаны колдоп, бизге ишеним арткан Биринчи каналга терең ыраазычылык билдирем", - деген Любимов.

Ал эми аталган телеканалдардын маалымат кызматтары бул боюнча эч кандай билдирүү тарата элек.

Эске салсак, буга чейин "Жди меня" берүүсү мындан ары эфирге чыкпай турганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан