Бүгүн, 10-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова жана Назарали Арипов отурумда баяндаманы кыргыз тилинде кароону талап кылышты.
Жыйында президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов улуттар аралык кастыкты козутту делген маселени жумушчу топтун мүчөсү орус тилинде баяндама жасаган.
Ариповдун айтымында, баяндама расмий тилге которулганда маанисин жоготуп жатат. Абдрахматова сөз болуп жаткан жолугушууда талапкер кыргызча сүйлөгөндүктөн баяндама кыргызча жасалышы керек экенин баса белгиледи. БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиев: "Мурда эмнеге анда кыргызча өткөрөлү деп сунуштаган эмессиңер? Атыр Болотбековна, сиздин кызыкчылыгыңыз барбы? Эмнеге ушул маселеге келгенде кыргыз тилинде өтсүн деп жатасыңар?" - деди.
Абдрахматова добушка коюуну сунуштады. Жыйынтыгында бул маселе добушка коюлуп, сунуш өткөн жок.