Кыргыздын "Көч" тасмасы Нью-Йорк шаарында өткөн фестивалда "Эң мыкты операторлук иш" наамын жеңип алды

20-24-май күндөрү АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн эл аралык кино фестивалында режиссёр Эркин Салиевдин “Ханбийке Назик” тасмасында башкы каармандын ролун жараткан Айдай Салиева “Эң мыкты актриса”, Артыкбай Сүйүндүков менен Молдосейит Мамбетакуновдун “Көч” даректүү тасмасы “Эң мыкты операторлук иш” наамдарын жеңип алды. Фестивалдын негиздөөчүлөрүнүн бири Юлия Тихонова (сүрөттө) иш-чара жогорку деңгээлде өткөнүн билдирди. Айтымында, Америкадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Айбек Хакимов (сүрөттө) фестивалга катышып, кинолорду талкуулоо учурунда активдүү аракеттерди көрсөткөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
adisbai
2013-05-30 00:58:51
жакшы жылыш бирок бизде жалгыз эле адам жугуро берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан