БШКнын 4 мүчөсү президенттикке талапкердин каттоосун жокко чыгарбоого чакырган кайрылуусу кесиптештери тарабынан талкууга алынды

Бүгүн, 10-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы 4 мүчөсүнүн жасаган кайрылуусу боюнча маселени карашты.

Кечээ, 9-октябрда БШКнын 4 мүчөсү Назарали Арипов, Гүлнара Журабаева, Атыр Абдрахматова жана Елена Джилкичиева кайсы бир президенттикке талапкердин каттоосун жокко чыгарбоого чакырып, кесиптештерине ачык кайрылуу жасашкан.

Комиссиянын мүчөсү Гүлнара Баатырова бул олдоксон кайрылуу болгонун айтты. Ошондой эле жалпы БШКнын мүчөлөрүнө көлөкө түшүрбөөгө чакырды. “4 мүчө кайрылуусунда талапкерди шайлоодон четтетпегенге чакырыптыр. Бир талапкерди шайлоодон четтетебиз деген сөз болгон да эмес”, - деди.

Ал эми комиссиянын мүчөсү Кайрат Осмоналиев 4 мүчө жалпы БШКнын атынан кайрылуу жасаганын билдирди. Анын айтымында, аталган мүчөлөр такталбаган маалыматты таратканын айтты. “Жогорку Кеңештин кайсы фракциясынан көрсөтүлгөнүңөрдү унутуп, калыс иш алып баргыла”, - деди Осмоналиев.

Жыйындын аягында келген БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова сөз сураса, БШКнын мүчөлөрү отурум аяктаганын айтып, аны укпай чыгып кетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Best.bakyt
2017-10-10 20:49:32
Бабанов шайланып кетсе алтоон анга тушоор бекенсин. Айбирок буларын мыкты артисттер да болчу эле, коз ирмемде позициясын 360градуска озгорткон.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан