Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика-Ата Журт" фракциялары Борбордук шайлоо комиссиясына, Башкы прокуратурага жана КТРКнын байкоочу кеңешине бүгүн, 10-октябрда кайрылуу жолдоду. Кайрылууларда КТРК президенттикке талапкерлерге бир тараптуу мамиле жасап, өзгөчө талапкер Өмүрбек Бабановдун дарегине карата чындыкка жатпаган каралоолордун берилип жатышын көзөмөлгө алуу өтүнүчү айтылган.
КТРКнын байкоочу кеңешине жиберилген кайрылууда байкоочу кеңеш жыйынга чогулуп, КТРКнын жетекчисин жана шайлоо тууралуу эфирге чыгып жаткан материалдарга жооптуу адамдардын ээлеген кызматтык ордуна дал келүүсү боюнча маселени кароо сунушталган.