БШК: "Талапкер талаптарды кайталап бузса, шайлоого 5 күн калганына карабай БШК анын каттоосун жокко чыгарууга укугу бар"

Талапкер талаптарды кайталап бузган болсо, шайлоого 5 күн калганына карабай БШК анын каттоосун жокко чыгарууга укугу бар. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргыз Республикасынын президенти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 46-беренесинин 2-бөлүмүндө жазылган.

Талапкердин каттоосу добуш берүү күнүнө чейин 5 календарлык күн калгандан кечиктирбестен, төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:

1) талапкер өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз бергенде;

2) саясий партия кээ бир талапкерлерди шайлоого талапкерлердин тизмесинен чыгарганда;

3) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо талапкер шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда же талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашык чыгымдаганда;

4) ушул Конституциялык мыйзамдын 21-берене (Талапкердин статусу), 53-берене (Президенттин кызматына талапкерлерди каттоо) жана 61-берене (Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо) аныкталган каттоо эрежелери бузулганда;

5) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн талапкерди шайлоо максатында кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдалануу же анын өкүлдөрүнүн талапкерди шайлоо максатында кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууларына талапкердин катышы бар экенинин фактылары далилденгенде;

6) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз катышуу фактылары далилдегенде;

7) талапкердин, анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, байкоочулардын, ошондой эле жакын туугандарынын шайлоочуларды сатып алуу же алардын шайлоочуларды сатып алууларына катышуу фактылары далилденгенде;

8) талапкерге карата соттун айыптоо өкүмүнүн күчүнө кириши.

Ошону менен катар эле аталган мыйзамдын 22-беренесинде (Шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү) 27-беренесинде (Басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу) белгиленген талаптарды бузган учурда, тиешелүү шайлоо комиссиясы аларга бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүүгө укуктуу. Талапкер, саясий партия жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды бир нече ирет бузган учурда, БШК тиешелүү шайлоо комиссиясынын сунуштамасы боюнча же өз демилгеси боюнча талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
mir777
2017-10-10 22:22:40
Бабанды четтетсенер аягы жакшы болбойт. Ашанын сыйы бутту
+10
ksb
2017-10-10 22:55:12
Бабановду четтетсе эл көтөрүлөт,айдан ачык көрүнүп турат.Шаршенович канча айтты,кокуй таза шайлоо өткөрөм деп,тазаңар ушубу анан? Уялбай кайра кайра айтты,ООНдун трибунасынан да айтты,акмакчылык,акмакчылык,акмакчылык...
+9
adema86
2017-10-11 11:42:59
ksb, Эчким чыкпайт. которулбойт эл
+3
ksb
2017-10-10 22:59:13
Кетээринде сыйы менен кетпей,бийлик деген жаман экен,колдон чыгаргысы келбей,тыбырчылашып болгон аракетин жасашып,Бабановду каралоо аябай күчөдү.Канчалык каралаган сайын анын рейтинги ого бетер көтөрүлүп,бийликке болгон ишенич сый жок болуп калды
+7
Otuz-Uul
2017-10-10 23:25:27
Туура айтасынар,эгерде Бабановко эптеп шылтоо таап алып салсанар,эл которулушко чыгат!!!Эгерде шайлоо таза отсо анда Бабанов призидент болот,а эгер Жеенбеков отсо анда шайлоо таза отту деп айтуу кыйын.Атамбаев айттыго сурамжылоодо алдыда 65%менен Жеенбеков алдыда экен деп бул,калп соз!!!Алдыда Бабанов&Торобаев экен
-3
aylun
2017-10-10 23:40:26
Otuz-Uul,отуз уулдуксунарбы? Козумо нигинер жаман жылуу учурады да))))
+2
ajdaaar
2017-10-11 03:19:41
Otuz-Uul, Таза шайлоо отсо Мадумаров болот... Ал эми тиги же бул сурожылоолордун баары чындыктан алыс... Же кайсы бир сурамжылоо институту алыскы Алай, Токтогул, Тогуз-Тороо, Чаткалга барып элдин пикирин сураптыр?!! Интернеттеги сурамжылоого жаштар катышат... Бирок интернеттеги активдуу жаштар шайлоочулардын 5% да тузбойт.....
+3
Jazdyn_tany
2017-10-10 23:46:13
Жээнбеков жеңилээрин сезди го...
+1
Azem2013
2017-10-10 23:50:41
Бабановту кетирсенер шайлоонун кызыгы деле бутот.Анда Эл жон карапуз турбайт.Ошондуктан козунорду ачкыла БШК!
0
nemo2016
2017-10-11 00:28:05
Мадумаров бийлике келип калса азыркы падышалар олдунго дадин болотго
+3
ajdaaar
2017-10-11 03:20:27
nemo2016, кыргызча жаз, Дадин, дан дан деп тушунуксуз суйлобой....
-6
kychan.98
2017-10-11 08:07:29
Адахан Модумаровго
+3
rysik79
2017-10-11 08:26:17
Кыргыз казак чек арасы жонундо жазгылачы
0
Barchynbek
2017-10-11 08:50:32
rysik79,аны жанылыка чыгарышпайтда казакстанда катту кыйынчылык жаратып жатат кыргыздарга групадагы жанылыктарды уксан откун келбейт казакстандан
+2
010288
2017-10-11 09:47:11
За бабанова
-6
adema86
2017-10-11 11:40:35
таң калдым ээй. Ошто он адырдагы окуясын көрүп дагы бабанов дейсинер го. анын отпошун билип турасынар го.
+3
Fatimnazz
2017-10-11 11:53:59
Бабанов келсе кризис болот. Налогду которот. Кыскасы я не за него....
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан