ЖЫЛНААМА, 11-ОКТЯБРЬ: 12 жыл мурун айтылуу ырчы, төкмө акын Эстебес Турсуналиев көз жумган

Мындан 12 жыл мурун, 2005-жылы 11-октябрда СССРдин жана Кыргыз ССРинин Эл артисти, 1-даражадагы "Манас" орденинин кавалери, төкмө акын Эстебес Турсуналиев 74 жашында дүйнөдөн кайткан.

Ал 1931-жылы 5-майда Талас облусуна караштуу Манас районунун Арал айылында туулган. 9 жашында комуз чертүүнү үйрөнүп, 12 жашында өздүк көркөм чыгармачылык ийримине, райондук, облустук жана республикалык кароолорго катышкан. Маалыматтарга караганда, атасы Турсуналы комузда кол ойното черткен өнөрпоз адам болсо, апасы Арпаян ыгы келгенде созолонто ыр ырдап, кошок кошуп, келин-кыздардын арасында аты таанымал киши болгон.
Жаш кезинен төкмө акын Алымкул Үсөнбаевден таалим алган. 1946-жылы филармонияга кабыл алынып, бул жерден Осмонкул Бөлөбалаев, Калык Акиев, Ысмайыл Борончиев, Токтонаалы Шабданбаев өңдүү ырчылар менен бирге эмгектенип, алардын ырларын, айтыш ыкмаларын үйрөнгөн. Акын Токтосун Тыныбеков менен бирге 50дөй айтыштарды жараткан. Бир нече ыр китептердин автору. Кинофильмдерге тартылган. Эстебес Турсуналиев Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, "Ардак белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган. Айрым маалыматтарга караганда, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев чоң мааракелерге Эстебес Турсуналиевди чакыртып алып, эл алдына ырдатып турган. Ырчы манасчылык өнөрдү дагы аркалап, аны Япония, АКШ, Германия, Түркия, Орусия, Канада, Франция, Румыния, Венгрия, Финляндия, Швеция, Швейцария, Дания, Тунис, Алжир, Сирия, Йемен, Вьетнам, Лаосто да көрсөтө алган.
11-октябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан