Австрияда акуланын кийимин кийип жүргөн адамга бетин жаап алгандыгы үчүн айып салынды

Австриянын Вена шаарында акуланын көрүнүшүндөй болуп тигилген кийимди кийип жүргөн адамга жүзүн жаап алгандыгы үчүн айып салынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда.

Маалыматка ылайык, шаардагы дүкөндөрдүн биринин ачылышында элди дүкөнгө тартуу үчүн акуланын көрүнүшүндөй тигилген кийимди кийип жүргөн жаш жигиттин бул аракети тууралуу тургундар полицияга арызданышкан. Полиция кызматкерлери жигиттен жүзүн ачууну талап кылган, бирок ал өз жумушун аткарып жаткандыгын айтып аны чечүүдөн баш тарткан.

Австрияда жакынкы мезгилден бери бетти жаап жүрүүгө каршы мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам теракттын алдын алууга жана качкындарды интеграциялоого багытталган. Аталган мыйзамга ылайык, бетин жаап жүргөн адамга полиция кызматкерлери 150 евро айып салууга укуктуу. Бул тизмеге медициналык бет каптар, мотошлемдер кирбейт.

Кийинчерээк бул боюнча Вена полициясы кайрадан ишти карап чыгып, мыйзам боюнча жумушка байланыштуу бетин жапкандарга айып салынбай тургандыгын айтып, жигитке салынган айып алып салынышы мүмкүн экендигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
imanchik
2017-10-11 14:02:23
Биздин элибиз да арыз жазганды уйронсо жакшы болмок, коп нерсе онолмок)
-1
bermet104
2017-10-11 14:48:08
Арыз жазган күндө деле аны териштирип караган бирөө жарым бар бекен. Темага тиешеси жок бирок, патрулдук милицияга карата арыз жазган Клара Алибекованын ишин кайра мыйзам бузуу болгон жок дешти го
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан