Бүгүн, 11-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Талас облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш сапар алкагында мамлекет башчы алгач “Манас-Ордо” комплексине барды. Ал жакта Манастын күмбөзүндө куран окулду. Президент Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы музыкалык драма театрынын жаңы имаратынын ачылышына катышат. Ошону менен катар эле аталган облустун активдери менен жолугушуусу күтүлүүдө.