Кыргыз-Өзбекстан чек арасынын 85 пайызы такталып, 15 пайызы боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы буга чейин маалымдалган. 10-октябрда Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Ильхомжан Нематов өлкөлөр ортосунда 23 тилке тактала электигин айтты. Айтымында, 3 тилке Өзбекстан үчүн эӊ маанилүү деп саналат.
"Чек араны аныктоодо уткан же утулган тарап жок. Келишүүлөр эки тараптын теӊ кызыкчылыгын эске алуу менен жасалды. Калган тилкелерди президент Алмазбек Атамбаевдин Ташкентке сапарына чейин тактоо пландалган эле, азырынча 23 тилке макулдашыла элек. Булардын кайсынысы Өзбекстандын кызыкчылыгы үчүн эӊ маанилүү? Биринчиси - Андижан суу сактагычынын чек арасын аныктоо, экинчиси - Фергана өрөөнүндөгү Сох аймагынын чек арасын тактоо, үчүнчүсү - Андижан облусунда кыргыздар "Барак" деп атаган анклав бар, ошол", - дейт Нематов.
Жакынкы күндөрү эки тарап теӊ макулдашып бүтөрү күтүлүп жатканын кошумчалады элчи.
Белгилей кетсек, Андижан суу сактагычы Кыргыз-Өзбек чек арасында, Жалал-Абад облусунан чыгып Ош облусуна кирип бараткан жерде жайгашкан. "Кемпир-Абад" суу сактагычы деп да аталат. Сох анклавы Баткен облусунун аймагында. Ал эми Барак анклавы Ош облусунун Кара-Суу районундагы тилке.