SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үй-бүлөдөгү кызганыч жана анын себептери" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Эркек адам аялын суук кол, ач көздөн коргоо жана да сооп алуу ниетинде кызганса болот. Анан пейилин өзгөртүп, кол көтөрүп жинденген бул аша чапкандык. Бул нерсенин аягы жакшылык менен бүтпөйт. Сиз дагы жолдошуңуздун көңүлүн өзүңүзгө буруп, бир гана жолдошуңузга жасанып, боёнуп, жакшы мамиле кылсаңыз пейили өзгөрүшү мүмкүн"
"Эркектер аялдын сулуулугун биринчи орунга коюшат. Ошон үчүн сулуу аялды ийгиликтүү бизнестин, кымбат унаанын көркүнө көрк кошкон нерсе катары кабылдашат да мындай сулуу аялдын көп эркектерге жагарын билишет. Эркектин кызганычын козгогон биринчи нерсе - аялдардын бардык эркектерге жаккысы келгени. Муну эркек өзүн башкага алмаштыргысы келип жатат деп түшүнөт да, кызгана баштайт. Шекспир "Кызганыч - жүрөктү тыткан тырмактуу жырткыч" деген экен".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.