Бүгүн, 11-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу активист Адил Турдукуловдун арызынын негизинде президент Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөн сөзүн талкуулап жатат.
Турдукуловдун айтымында, президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда мугалимдерди куттуктап жатып ачык эле президенттикке талапкерлердин бирин колдоду.
“Президент ачык эле “биздин талапкердин рейтинги өстү, жеңишке жетет” деген сөздөрдү айтты. Мамлекет башчынын мындай сүйлөгөнү биринчи жолу болгон жок. Буга чейин дагы ушул өңдүү үгүттөр болгон. Президент мамлекеттик кызматкер болуп эсептелет. Эң жогорку кызматты ээлейт. Мамлекет башчы бир топтун кызыкчылыгын коргоп жаткандай көрүнүүдө”, - деди активист.
Турдукулов БШКга президенттик аппаратка же президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабына эскертүү берүүнү сунуштады.