Бүгүн, 11-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов үгүт материалдарында банктардын биринин логотибин колдонгону боюнча маселени карады. Бул боюнча арыз менен аталган банктын өкүлдөрү кайрылган.
“Бабановдун үгүт материалдарында 7 пайыздык насыя берүү боюнча биздин логотип жана дарек, телефон номери колдонулган. Логотипти уруксатсыз колдонгону үчүн тийиштүү чара көрүп, укуктук баа берүүнү сунуштайбыз”, - деди банк өкүлү.
Жыйынтыгында жумушчу топ арызды канааттандырган жок. Жумушчу топ талапкерлерди логотиптерди уруксатсыз колдонбоого чакырды.