КҮНСЕРЕП: №2-форма: 20 пайыз добуш кимге иштейт?

Бүгүн, 12-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Президенттик шайлоого 3 күн калды. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, 3 миллион 25 миң 768 жаран шайлоо укугуна ээ. №2-формасын толтургандардын, башкача айтканда, паспортто көрсөтүлгөн дарегинен башка жерде шайлоого уруксат алуу үчүн арыз бергендердин саны 316 миң 64 шайлоочу, ал эми №3-форма арызын бергендердин (персоналдык маалыматында катачылык орун алгандар) саны 28 миң 397 шайлоочу.

Кээ бир оппозиция өкүлдөрү дал ушул №2-формасы менен добуш берүүчүлөрдүн көп болгонун айтып, шайлоонун таза өтөрүнөн шек санап жатат.

2015-жылкы парламенттик шайлоодо добуш берүү дарегин алмаштыргандардын саны 297 миң адамды түзүп, жалпы шайлоочулардын 59 пайызы гана добуш берүүгө катышкан. Кошумча тизмеге киргендер менен №2-форма арызын бергендердин дээрлик баары шайлоого катышарынан күмөн жок. Себеби атайын форма толтургандан кийин алар шайлоого өз каалоосу менен же “мажбурланып” келиши - мыйзам ченемдүү. Шайлоого укуктуулардын жарымынан бир аз көбүрөөгү гана шайлоого катышарын эске алсак, анда жогорудагы 300 миңден ашык добуш 20 пайызга жакын салмакка ээ болот. Бул көрсөткүч бир талапкерге гана иштебешине кепилдик барбы?..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан